Мбанк Кыргызстан банкы 16-августтан тартып, Орусиянын банктары менен акча которуу кызматташтыгын убактылуу токтотту. Кызматташтык токтогон банктардын катарында Орусиянын Сбербанк, Тинькофф жана МТС банктары да бар.
МБанктын сайтындагы маалыматка караганда, акча которуу кызматташтыгы качан жанданары белгисиз.
Орусиядан акчаны санкция салынбаган банктар аркылуу которууга болот.
Андан тышкары, Mbankта 20-августка чейин түнкү саат 1ден 5ке чейин техникалык иштер жүрүп, ЭЛКАРТ, Visa, MasterCard төлөм системалары иштебейт, онлайн кызмат көрсөтүүлөр жана төлөм терминалдарында толуктоого, банкоматтардан накталай акча алууга болбойт.
Белгилей кетсек, Орусиянын 94 банкы кара тизмеге киргизилген.

