Рамзан Кадыровдун 20 жаштагы уулу Чеченстандын вице-премьери болду

Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров 20 жаштагы уулу Ахматты өкмөт башчынын орун басарынын милдетин аткаруучу кылып дайындады. Ахмат жаңы оруну менен кошо спорт министри деген кызматын да сактап калды.
«Кавказ.Реалии» басылмасы улуттук саясат, тышкы байланыштар, басма сөз жана маалымат министри Ахмед Дудаев да кызматынан көтөрүлгөнүн жазды.
Рамзан Кадыровдун айтымында, бул дайындоолор өкмөт башчысы Магомед Даудовдун сунушу менен жүргөн.

Чеченстандын жетекчиси Telegram-каналында «чакан кадрдык өзгөрүүлөр» болгонун билдирди.
Кадыров уулун жаңы кызматка дайындоо ден соолугуна байланыштуу жүрдүбү же жокпу тактаган жок. Жаңы жыл алдында айрым ЖМКлар Кадыров Москвада ооруканага жаткырылганын жазган, бирок маалымат расмий ырасталган эмес.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *