Көргөзмөгө кыргыздын маданиятынын жана тарыхынын көп түрдүүлүгүн чагылдырган түрдүү экспонаттар коюлган.
Бул иш-чара Кыргызстандын маданияты менен каада-салттарынын чыныгы майрамына айланып, АКШдагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн да, бардык маданият жана искусство сүйүүчүлөрүнүн да көңүлүн бурду.
Иш-чара Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугунун колдоосу менен “Kyrgyz Community Center” кыргыз коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган.
Башкы консул Болотбек Борбиев бул көргөзмө келечекте АКШдагы жаңы өсүп келе жаткан муун үчүн кыргыз элинин бай маданиятын жана тарыхын даңазалап тура турган музейге айланарын белгиледи.