Соцтармакта балдарды мазактагандардын видеосу тарап, милиция шектүүлөрдү суракка чакырды.
Видео Аламүдүн айылында тартылган болушу мүмкүн. Кадрлардан жаш балдарды сабап, “жоокерлердей” бастырып, короону кайтартып, жумуш жасатып, ал эми бирөөсүнүн бетине жыртык-тешик бүтөгөн көбүктү чачып салышканын көрүүгө болот.
Тиешелүү экспертизалар дайындалды, тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы менен чара көрүлмөкчү. Окуя Свердлов РИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынган.
