Ошто Ж. Шамшиев көчөсү оңдолуп, пайдаланууга берилди

Бүгүн 6-январь күнү Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев калаадагы Ж.Шамшиев көчөсүндөгү көпүрөнү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөндөн кийин пайдаланууга берди. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жашоочулар катышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Көпүрөнүн узуну 9 метр, кеңдиги 21 метрди түзөт. Эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар , жашыл аймак каралып, суу түтүктөрү тартылып, ирригациялык лотоктор орнотулду. Буга чейин Ж.Шамшиев көчөсү да толук оңдолуп, пайдаланууга берилген. Анда жолдун жалпы узундугу 600 метр жана 4 тилкелүү болуп, жол 22 метрге кеңейтилген.

Аталган көпүрө аркылуу Ош облусттук ооруканасы жана шаардын кире бериш аймагына чыгып, кирүүгө болот. Бул аймакта унаа кыймылы көп болот. Бирок бир да жолу жол оңдоо иштери жүргөн эмес.

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев рейддик кыдыруу учурунда жолду кеңейтүү жана асфальттоо тапшырмасын берген. Анын алкагында тоскоолдук жараткан бир нече курулуштар алынган. Натыйжада шаар тургундарына ыңгайлуу заманбап жол курулду.

Ж. Шамшиев көчөсүндөгү бардык оңдоп-түзөө иштери толугу менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *