Бишкекте «Жөө жүргүнчү» аттуу масштабдуу рейд өтүүдө

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы (МККБ) жол кырсыктарынын санын азайтууга багытталган «Жөө жүргүнчү» профилактикалык рейдин баштады. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Иш-чаранын алкагында инспекторлор борбор калаанын эң кыймылдуу тилкелеринде көзөмөлдү күчөтүп, айдоочулардын да, жөө жүргүнчүлөрдүн да эрежелерди сактоосуна өзгөчө көңүл бурууда. Акциянын негизги максаты — шаардагы кыймылдын активдүүлүгүн эске алуу менен жол эрежелерин так сактоону эскертүү, адамдарды сүзүп кетүү фактыларын жана жаракат алууларды алдын алуу болуп саналат.

Текшерүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери эреже бузууларды аныктап, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 190-беренесине ылайык административдик протоколдорду түзүшүүдө. Мыйзам бузууларды каттоого алуу менен бирге, кайгуулчулар жарандар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аларды жолдо тартиптүү болууга жана бири-бирин сыйлоого чакырууда. Мындай рейддер жол маданиятын жогорулатууга жана Бишкек шаарынын көчөлөрүндө коопсуз чөйрөнү түзүүгө багытталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *