Ички иштер министрлиги WhatsApp мессенджери аркылуу алдамчылык фактылары көбөйгөнүн билдирди.
Акыркы убактарда WhatsApp мессенджери аркылуу алдамчылык фактылары көбөйүүдө. Шылуундар жарандардын WhatsApp аккаунттарын бузуп (взлом), алардын атынан туугандарына же тааныштарына жазып, белгилүү бир суммадагы акча каражатын шашылыш которуп турууну суранып, жалган билдирүүлөрдү жөнөтүп жатышат. Мындай аракеттердин натыйжасында жарандар алдамчылардын тузагына түшүп, акчалай чыгымга учурап калышууда.
Мындай алдамчылыктын алдын алуу үчүн WhatsApp мессенджеринде эки кадамдуу текшерүүнү (двухшаговая проверка) сөзсүз күйгүзүү зарыл.
Ал үчүн төмөнкү кадамдарды аткарыңыз:
- WhatsApp тиркемесин ачабыз;
- “ырастоо” (настройка) бөлүмүнө киребиз;
- “Аккаунт” деген жерди тандайбыз;
- эки кадамдуу текшерүү (двухшаговая проверка) бөлүмүнө киребиз;
- 6 сандан турган ПИН-код ойлоп таап, киргизебиз;
