«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды

11-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда кабыл алынды.

Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын колдонуудагы системасын ирээтке келтирүүгө, мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды ыйгаруу маселелерин жөнгө салуу жаатындагы укуктук ченемдерди актуалдаштырууга жана өркүндөтүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасында мамлекеттик сыйлыктардын жана наамдардын кадыр-баркын, коомдук маанисин жана аброюн жогорулатууга багытталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *