Кыргызстандагы Автоуна кураштыруу, чыгаруу жана сатыкка алып чыгуу боюнча ишкана үстүбүздөгү жылдын август айынан ишке түшөт.
Чүй облусунун Сокулук районуна курулуп жаткан автоунаа ишканасын Кыргызстан Кытайлык компания менен ишке ашырат.
Долбоордун негизги ишмердүүлүгү электромобилдерди, коммерциялык, жеңил автоунааларды, атайын техниканы чогултууга, ошондой эле транспорт каражаттарын жана тиешелүү продукцияларды эл аралык сатыкка алып чыгууга багытталган.
Президент Садыр Жапаров ишкананын курулушуна катышып, “мезгил кутусун” салды. Маалым болгондой Биринчи этаптагы инвестициялык көлөм 115 миллион АКШ доллар болсо. Долбоордун кубаттуулугу – жылына 80 миңден ашуун автоунааны түзөт.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *