Кыргызстан быйыл картошканын экспортун дээрлик эки эсе көбөйттү.
Статистика комитетинин маалыматы боюнча, быйыл январь-июнь айларында Кыргызстан чет жакка 32 миң тоннадан ашык картошка саткан. Былтыр 6 айда экспорт 16,6 миң тонна болгон.
Кыргызстан картошканы Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Кытай жана Россияга сатууда. Алардын ичинен картошка эң көп 83% Өзбекстанга экспорттолгон. Быйыл жарым жылда 26 миң 585,1 тонна сатылган. Былтыркыга 6 айга салыштырмалуу эки эсе көп.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *