АКШда мигранттар үчүн коммерциялык айдоочулук күбөлүктү алуу талаптары күчөтүлдү

Кыргызстандын ТИМи АКШда коммерциялык айдоочулук күбөлүк CDL берүү жана узартуу боюнча талаптар күчөтүлгөнүн билдирди. Бул боюнча АКШнын Транспорт министрлиги жана тиешелүү федералдык органдар түшүндүрмө берген.

CDL алууга же узартууга төмөнкү категориялар гана укуктуу:

-АКШ жарандары

-«грин-карта» ээлери

-айрым жумуш визалары менен жүргөн чет өлкөлүктөр. Федералдык органдар тааныган иммиграциялык макамы жок мигранттарга EAD жана SSN болсо да CDL кепилденбейт.

ТИМ жарандарга талаптарды алдын ала тактоону жана документтердин мөөнөтүн көзөмөлдөөнү сунуштайт. Ошондой эле февралдын башында ICE Индиана штатындагы төрт адам каза болгон жол кырсыгына байланыштуу 30 жаштагы кыргызстандыкты кармаганын эске салды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *