ЗКТ: Кечээ, 28-мартта өлкө аймагында катуу шамал болуп, материалык чыгымдар жана жабыркагандар болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек, Чүй жана Талас башкармалыктарынан 29-март саат 8:30га карата алынган алдын ала маалымат боюнча, 10 адам жабыркап, 70 социалдык объект, 80 турак үй, 4 чарбалык курулуш, негизинен шамал жүргөн аймактарда жалпысынан 154 объектке зыянын тийгизген.

Табигый кубулуштун кесепеттерин жоюу, материалдык чыгымдарды тактоо жана ыкчам чара көрүү максатында жергиликтүү Жарандык коргонуу кызматтары иш алып барууда.
Эске салсак, ӨКМге караштуу Гидромет кызматынын маалыматы ылайык, Бишкек жана Чуй облусунун аймагында 28-мартта саат 16:15тен16:45ке чейин ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен катуу шамал катталган.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *