Садыр Жапаров Гана Республикасынын тышкы иштер министри Сэмуэль Аблакваны кабыл алды

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо маселелери, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча тараптардын аракеттенүүлөрүн өнүктүрүү келечеги талкууланды.

Садыр Жапаров Африка өлкөлөрү менен өнөктөштүктү бекемдөө боюнча активдүү иштер жүрүп жатканына токтолду. Буга байланыштуу, өткөн жылы Кыргызстандын Эфиопиядагы элчилиги ачылганын, жакынкы аралыкта Египетте да элчилик ачуу пландаштырылып жатканын кошумчалады.

Ал ошондой эле үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кыргызстан Африка биримдигинде байкоочу макамын алганына көңүл бурду. Бул уюмдун алкагында, анын ичинде Гананын 2027-жылдагы төрагалыгынын мезгилинде кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Гананын тышкы иштер министри Сэмуэль Аблаква өз кезегинде Садыр Жапаровго Гананын Президенти Джон Драмани Махаманын жылуу саламын айтып, Гананын көз карандысыздыгынын 70 жылдыгына жана Африка биримдигине төрагалык кылуусуна байланыштуу келерки жылы өлкөгө келип кетүүгө чакыруусун жеткирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *