Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.
Мыйзам долбооруна ылайык, кыргызстандыктардын кредиттик тарыхын сактоо мөөнөтү кыскартылат:
▪️ терс кредиттик маалымат — 5 жылдан 2 жылга чейин
▪️ оң кредиттик маалымат — 7 жылдан 5 жылга чейин
Демилгечилердин айтымында, бул өзгөртүүлөр жарандардын насыя алуусун жеңилдетүүгө, банк системасына болгон жүктү азайтууга жана чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.
Буга чейин экономика министринин орун басары Беназир Нурланова депутаттардын сунуштарын эске алуу менен терс кредиттик тарыхты 2 жылга, ал эми оң тарыхты 5 жылга чейин кыскартуу сунушталганын билдирген.
Анын айтымында, өзгөртүүлөр кредиттик маалымат тармагындагы мыйзамдарды жакшыртып, мурдагы карыздарына байланыштуу узак чектөөлөргө туш болгон жарандар үчүн жагымдуу шарт түзүүгө багытталган.
Жыйынтыгында комитет мыйзам долбоорун талкуусуз эле үчүнчү окууда жактырды.

