Шаарды өнүктүрүү жана өндүрүштүк ишканаларды көбөйтүү максатында келечекте шаардын четки аймактарына өндүрүш түрлөрүнө жараша атайын аймактарды ачуу пландалууда.
Озгур айылына агрардык өндүрүш, Жапалакка тамак-аш өңдүрүшү, Алымбек-Датка муниципалдык аймагына оор өнөр жай тармагы жана Жибек-Жолу муниципалдык аймагына жеңил өнөр жай өндүрүштүк зонасын түзүү каралууда.
Шаар мэри тиешелүү кызматтарга белгиленген аймактарда келечектеги өндүрүш зоналарын түзүү боюнча деталдуу пландарды иштеп чыгуу боюнча тапшырмаларды берди. Бул иштер этап-этабы менен ишке ашырылып, жакынкы жылдары Ош шаарында жаңы өндүрүштүк ишканаларды ачууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт.

