16-мартта Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде көчмө жыйын өткөрдү.
«Айчүрөк» ЦУМдун жанындагы тилкеде конструкцияларды бузуу иштери башталып, анын ордуна фонтан комплексин калыбына келтирүү жана жашыл зона түзүү пландалууда.
Мэр ошондой эле Old Bishkek долбоору ишке ашырылып жаткан тилкеге барып, ал жерде курулуп жаткан үч кабаттуу объектти бузуу чечими кабыл алынганын айтты. Бошогон аймакта жөө адамдар өтүүчү жол жана жашыл зона уюштурулуп, Чүй проспектисинин боюндагы имараттардын фасаддары дизайн-кодго ылайык келтирилет.

