Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Россияга расмий сапар менен барды

Делегацияны аэропорттон Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасынын орун басары Анна Кузнецова тосуп алды.

Маматалиев алгач эле Москвадагы «Марьина Роща» мектебинде кыргызстандык мигранттардын балдары үчүн өткөрүлүүчү тестирлөөнүн тартиби менен таанышышты. Депутаттар тапшырмалардын татаалдыгын белгилеп, аны жөнөкөйлөтүүнү сунушташты.

Андан соң делегация ВДНХда кыргыз диаспорасы жана эмгек мигранттары менен жолугуп, актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Жакынкы күндөрү Марлен Маматалиев Россиянын Мамдумасынын төрагасы Вячеслав Володин жана Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *