Иш-чарага минкаб төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Россиянын элчиси Сергей Вакунов катышты.
Вакунов Кыргызстанда тогуз орус тилдүү мектеп куруу долбоору кийинки баскычка өткөнүн эске салып, алгачкы объектилер, анын ичинде Бишкектеги бул билим жайы 2027-жылы пайдаланууга берилерин айтты.
“Мектептер заманбап билим берүү мекемелери болуп, сапаттуу окутуу жана тарбия берүү үчүн бардык шарттар менен камсыздалат”, — деди ал.
Элчи билим уяларында Россиядан жана Кыргызстандан даярдалган мугалимдер иштеп, мыкты билим берүү тажрыйбаларын айкалыштырарын белгиледи.
Ошондой эле ал Кыргызстанда орус тилдүү билим берүүгө кызыгуу жогору экенин айтып, орус тили өлкөнүн билим берүү системасында маанилүү ролду ойной берерин кошумчалады.
Россия тарап педагогдорду даярдоону мындан ары да күчөтүүгө даяр экенин билдирди.



