Шаар башчысы жол кыймылын тартипке келтирүү жана аймактар аралык каттамдагы такси кызматын аркалагандардын ишин жөнгө салуу максатында Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жанында жаңыдан уюштурулган унаа токтоочу жайды Өзгөн, Кара-Кулжа, Алай жана Чоң-Алай райондоруна каттагандар үчүн пайдаланууга берүү чечимин кабыл алды.
Ошондой эле мэр Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын аймагындагы унаа токтоочу жайга орнотулган жаңы технологиядагы тосмону тез арада ишке киргизүүнү тапшырып, унаа кыймылын тартипке келтирүү жана аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.
Мындан сырткары, оорукананын аймагынан агып өткөн Увам каналынын жээгин көрктөндүрүп, шаар тургундары үчүн эс алуучу сквер уюштуруу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берилди.

