Ош облусунда “100 өнөр жай ишканасы – 2026” долбоору ишке ашырылат

Бүгүн, 20-февралда Ош облусунда “100 өнөр жай ишканасы – 2026” долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан объектилер боюнча жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Ош облустук архитектура-курулуштук контролдоо регионалдык башкармалыгынын (ГАСК) башчысы, мамлекеттик экспертиза кызматынын жетекчиси, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары – акимдердин биринчи орун басарлары жана тиешелүү долбоорлордун жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө облус аймагында ишке ашырылып жаткан 19 долбоордун курулуш абалы каралды. Тактап айтканда, объектилердин кайсы стадияда экени, курулуш иштеринин жүрүшү жана уруксат берүүчү документтердин абалы талкууланып, жооптуу тараптарга тиешелүү тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, аталган 19 долбоорду 2026-жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *