Тышкы иштер министрлиги Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттары жана Омандын расмийлери менен кыргыз жарандарын эвакуациялоо үчүн рейстерди уюштуруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө.
Министрлик Садыр Жапровдун тапшырмасы менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жөнүндө кошумча маалымат бериле турганын билдирди.
ТИМ Жакынкы Чыгышта жүргөн жарандарды этият болууга үндөп, кооптуу аймактардан оолак болууну жана документтерин дайыма жанында алып жүрүүнү эскертти.

