УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгын Канат Табалдиев жетектейт

Ош облусунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) бөлүмүнүн жаңы башчысы дайындалды.

Канат Табалдиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнүн башчысы кызматын аткарууга киришти.

3-мартта президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйындар залында УКМКнын төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев облустук мекеме-уюмдардын өкүлдөрүнө жаңы жетекчини тааныштырды.

Канат Табалдиев Ош облусунун Кара-Суу районунун акими кызматынан өткөн аптада алынган.
Аким болгонго чейин ал Улуттук коопсуздук комитетте иштеген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *