Быйыл жазгы талаа жумуштары эки жума эрте башталды

Кыргызстанда быйыл жазгы талаа иштери адаттагыдан эки жума мурда старт алды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык тармагындагы чечимдерди ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Туратбек Идрисов билдирди.

Анын айтымында, быйыл кыш жылуу болуп, жаз эрте келген. Дыйкандарга алдын ала сезонго даярдык көрүү — ным сактоо чараларын көрүү, жерди иштетүү, үрөн жана жер семирткичтерди өз убагында сатып алуу сунушталган.

Ошол эле учурда түштүк аймактарда аба ырайына байланыштуу айдоо темпи жайлады. Учурда аймакта жаан-чачын болуп жатат.

Ош облусунда буга чейин 500 гектар аянтка буудай жана арпа себилди.

Талаа иштерин жүргүзүү үчүн 7 миллион литр күйүүчү-майлоочу май 74 сомдон жеңилдетилген баада бөлүндү. Отунду райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары аркылуу материалдык резервдердин кампаларынан алууга болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *