Бишкекте беш айлык баласы менен курьер болуп иштеген, “Азаттыктын” каарманы Байыркан Куттубек кызына Мамлекеттик ипотекалык компания батир берди.
30-жаштагы келин тууралуу материал соцтармакта жылуу пикирлерге алынып жаткан. Келин күйөөсүнүн зомбулугуна кабылып, коргоо ордерин алып кризистик борбордо баш калкалап жатканын журналисттерге билдирген.

