Бишкек менен «Манас» аэропортун байланыштырган жаңы жол курулат

Трасса Махатма Ганди жана түндүк айланма жолу кесилишкен жерден башталып, Озерное менен Мраморное айылдарынан өтөт дагы Полевое, Виноградное айылдарына чейин жетет.

Мындан тышкары, түндүк айланма жолунда Махатма Гандиден Дэн Сяопинге кошула турган жерине чейин алты эки деңгээлдүү көпүрө салынары көрсөтүлгөн.

«Манас» эл аралык аэропортуна бара турган альтернативдүү жол Жаш Гвардия бульварынын уландысы болуп, түндүк айланма жолунан башталат.  Жолдун жалпы узундугу 17 чакырымды түзүп, 4 тилкелүү жол болот. 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *