Slider

Садыр Жапаров Кыргызстанда Казакстандын маданият күндөрүнүн расмий ачылышына арналган гала-концертке катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чарага эки өлкөнүн искусство чеберлери, анын ичинде СССРдин эл артисти Алибек Днишев, Казакстандын эл артисти жана Казакстандын Эмгек Баатыры Роза Рымбаева, Казакстандын эл артисттери Алтынбек Коразбаев, Макпал Жунусова, Нуржамал Үсөнбаева, Абай атындагы Казак мамлекеттик академиялык опера жана балет театры, Курмангазы атындагы казак улуттук аспаптар оркестри, «Астана балет» театры, домбырачылар ансамбли, «Арлан» улуттук каада-салт театры, «Туран» фольклордук -этнографиялык ансамбли, «МузАрт» эстрадалык тобу катышышты.

Эске сала кетсек, 7-8-октябрда Кыргызстанда Казакстандын маданият күндөрү өтүүдө. Ошондой эле казак киносунун күндөрү, коңшу өлкөнүн археологиялык экспонаттары менен тартылган сүрөттөрдүн көргөзмөсү, этно-фольклордук концерт жана «Абай» операсы болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *