25 жаштагы Маматкулова Айтургандын өлүмүнө шектүү адам кармалганын 31-августта Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Ал маркумдун күйөөсү болуп чыкты. Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси «Өзүн-өзү өлтүрүүгө чакыруу» менен шектелип, «тергөө учурунда чогултулган жана аныкталган фактылык маалыматтардын негизинде» кармалган.
Айтурган 2024-жылы 7-июлда Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болгон. Ал оор абалда медициналык мекемеге жеткирилген. Дарыгердин баштапкы корутундусунда «Көп дарыдан уулануу, өзүн өзү өлтүрүү. Курч жүрөк-кан тамыр жетишсиздиги” деп жазылган. Ал ошол бойдон эсине келген эмес. Сөөк 8-июль күнү жерге берүү үчүн Ош шаарына жөнөтүлгөн.
