Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата   “Ыр кесе” майрамдык  иш-чарасы болуп өттү.  Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.Майрамдык салтанатка  Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Курбанбек Айтибаев, Ош ОИИБдин башчысынын орун басары Ашырбек Ахунов,  ардагерлер жана  өздүк курам катышты.“Ыр кесе” алгач кыргыз милициясын даңктаган хор ыры менен башталып,  андан ары кыргыз милициясынын басып өткөн тарыхы сахналаштырылып көрсөтүлдү. Ошондой эле, “Манас” эпосунан үзүндүлөр айтылып, мекенди сактоого,  барктоого, сүйүүгө үндөгөн патриоттук ырлар менен коштолду. Мындан сырткары,  кыргыз элинин каада-салтын, үрп-адатын чагылдырган куш салып, ит агыткан көрүнүштөр тартууланды.Маданий иш-чара Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесинин урматына жана кыргыз элинин тарыхый, маданий мурастарын даңазалоо максатында уюштурулду.

Белгилей кетсек, “Ыр кесе”  өлкө аймагында бардык ички иштер органдарынын түзүмдөрүндө кезеги менен өткөрүлүп жатат.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *