Бишкекте кытайлык кыргыздар негиздеген «ЭТНОСТАН» маданий борборунун демилгеси менен «Миң жылдар мурастаган кыргыз- кытай достугу» аталышындагы иш-чара өттү.
Саамалык Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгына, Шинжаңдагы Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунун 70 жылдыгына карата уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө атайын даярдалган роликтер көрсөтүлүп, Манас айтылып, күү чертилип, баяндама жасалып, эки өлкөнүн майрамдарына жана достукка арналган кыргыз-кытай тилиндеги белгилүү чыгармалар жаңырды.
