CIFIT-2026: Кытайда Кыргызстандын инвестициялык потенциалы тааныштырылды

Кытайдын Сямынь шаарында өтүп жаткан 26-Кытай эл аралык инвестициялар жана соода жарманкесинде CIFIT Кыргызстандын инвестициялык потенциалы тааныштырылууда.

Өлкөнүн атынан Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Мээримбек Койчуманов катышууда.

8–11-сентябрда өтүп жаткан жарманкеге 129 өлкө жана аймактан 1 200дөн ашуун мамлекеттик мекеме жана бизнес-делегация катышууда. Кыргыз тарап инвестиция салууга ылайыктуу багыттарды жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн сунуштоодо.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *