Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Чечим өлкөдө транспорттук каражаттардын техникалык абалына мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү жана жолдогу коопсуздукту камсыздоо максатында кабыл алынганы кабарланды.
Жарлыкта ошондой эле, Президенттин иш башкармалыгына техникалык кароо кызматынын баасын туруктуу кармоо, калкты тейлөө сапатын жакшыртуу жана ачык-айкын мамлекеттик каттоо системасын түзүү тапшырмасы берилди.

