Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Долбоор тест материалдарына бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга жана өлкөнүн бардык абитуриенттери үчүн тең даярдык мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө багытталган.
Тиркемеде ЖРТга кирген бардык предметтер боюнча суроолор жайгаштырылат.
Тапшырмалар мурунку жылдарда Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан түзүлгөн тесттердин негизинде иштелип чыгууда.

