Тараптар кыргыз-америка мамилелерин, саясат, санарип технологиялар жаатындагы маселелерди талкуулашты.
Жапаров соода жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү өлкөнүн артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи. Гор кезегинде АКШ Кыргызстан менен бардык багыттар боюнча тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди.
Садыр Жапаров ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү менен катар Кыргызстан “C5+1” (Борбордук Азия — АКШ) платформасынын алкагында өз ара аракеттенүүнү мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин белгиледи. Акыркы 10 жылда бул диалогдук аянтча Борбордук Азия өлкөлөрү менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы көп пландуу кызматташтыкты илгерилетүүгө багытталган натыйжалуу механизм катары өзүн көрсөттү.
АКШнын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча Атайын өкүлү, Элчи Серджио Гор кыргыз тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Президент Садыр Жапаровго АКШнын Президенти Дональд Трамптын саламын жана эң жакшы каалоолорун жеткирди.
Ал Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстан менен өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдирди.
Жолугушууда виза маселеси көтөрүлгөн-көтөрүлбөгөнү айтылган жок.

