«75чилердин каты»: Бишкек шаардык соту чечим чыгарды


Шаардык сот Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесин (бийликти күч менен басып алууга даярдык) 195-берененин 3-бөлүмүнө (шайлоо укуктарын жүзөөгө ашырууга тоскоолдук кылуу) кайра квалификациялады.

Бардык айыпталуучулар (8 адам) 4 жылга эркинен ажыратылып, 2 жыл пробация белгиленди. Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов Жогорку сотко кайрыла турганын айтты.

Биринчи Май райондук соту 8 шектүүнүн баарын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча актаган.

Ал эми бийликти күч менен басып алууга даярдануу беренеси боюнча баарын 4 жылга эркинен ажыратып, бирок 3 жылга пробация белгиленип, мүлкү конфискациялана турган болгон:

▪️УКМКнын мурунку төрагасы Камчыбек Ташиев
▪️Мурунку башкы прокурор Курманкул Зулушев
▪️Экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу
▪️Министрдин мурунку орун басары Курсан Асанов
▪️Экс-депутат Аалы Карашев
▪️Мурдагы элчи Эмилбек Узакбаев
▪️Саясатчы Бекболот Талгарбеков
▪️Экс-депутат Курманбек Дыйканбаев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *