Таласта Ж. Баласагын атындагы КУУнун көп тармактуу институтунун окуу корпусун ачылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун көп профилдүү институтунун жаңы окуу корпусунун ачылыш аземине катышты.

Жаңы окуу корпусу ар кандай багыттар боюнча 3000 студентти окутууга ылайыкталган. Имарат заманбап жабдуулар менен камсыздалып, окуу процессине санариптик технологиялар киргизилген.

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова Президент Садыр Жапаровго жалпы аянты 5600 чарчы метрди түзгөн беш кабаттуу корпуста студенттер жана окутуучулар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн маалымдады.

Ал жаңы корпустун ачылышы студенттердин билим алуусу үчүн заманбап шарттарды түзүп, жогорку билим берүү системасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоодогу маанилүү кадам экенин белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *