Бул Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн керек экенин энергетика министри билдирди.
Таалайбек Ибраевдин айтымында, суунун нугу бурулуп, ал жерге бийиктиги — 260 метр, туурасы — 700 метр болгон плотина курулат.
“Дарыянын нугун бурууга 1,5 жылдай убакыт керек. Каржылоо маселесин карап чыгуу боюнча Азия өнүктүрүү банкынын жетекчилигине кат жолдодум”, — деди министр “Биринчи радиого” берген маегинде.


