Идеяны мамкатчы демилгелеп, аталган мекеме шаар сыртына көчүрүлөрүн, ал эми имаратты музей кылууга калаа мэри каршы эместигин жазды.
“Ош шаарынын чок ортосунда СИЗО жайгашкан эски имарат бар. Тарыхый имарат. Алымбек датканын уулу Камчыбек 1890-жылдардын башында кербен сарай катары салдырган. Тагдырдын оюнун караңыз, оторчулар имаратты түрмөгө айлантып, Камчыбек өзү дал ушул жерде түрмөдө отурган. Ал жөнүндө түрдүү аңыздар айтылып келет”, — деди Арслан Койчиев.


