Буудай импорттогондорду кошумча нарк салыгынан бошотуу сунушталды

Казак темир жолундагы кыйынчылыктардан улам Россиядан Кыргызстанга буудай алып келүү үзгүлтүкө учуроодо.

Тактап айтканда, жүктүн көптүгүнөн Кыргызстандын транзитке болгон өтүнмөлөрүнүн 20 пайызы гана жактырылууда.

Бул кырдаал өлкөдөгү ун комбинаттарында буудай запасынын азайышына алып келди.

Буга чейин, буудайды өзү импорттоп, өзү ун өндүргөн ишканалар кошумча нарк салыгын төлөбөй келишсе, эми аларга жеткирип берген чарбалык субъекттерди да бошотуу демилгеленди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *