Ошто «Мафия. Миллиондор изи» тасмасынын жабык көрсөтүүсү өттү

2026-жылдын 22-апрелинде Ош шаарындагы «НУР» кинотеатрында MediaHub командасы тарабынан тартылган «Мафия. Миллиондор изи» көркөм тасмасынын жабык көрсөтүүсү өттү.

Иш-чарага коомдук жана медиа тармактын өкүлдөрү — белгилүү инсандар, активисттер жана коомдук ишмерлер катышты.

Тасма чыныгы окуяларга негизделип, принципиалдуулугу жана кайраттуулугу менен белгилүү журналист Улан Эгизбаевдин элесине арналган.

Кино тасма журналисттер тобу жана укук коргоо кызматкери тууралуу баяндайт. Алар коррупция менен криминал чырмалышкан системага туш болушат. Жүргүзүлгөн иликтөө бийлик менен күч түзүмдөрүн камтыган ири схемаларды ачыкка чыгарат.

Каармандар татаал тандоого кабылат — жеке коопсуздугун сактоо же өмүрүнө коркунуч туулса да ишти аягына чыгаруу.

Тасманын башкы продюсери Али Токтакунов, режиссеру Дастан Мадалбек, башкы оператору Чо Енгку. Кино тасманы 23-апрельден тарта бардык кинотеатрлардан көрө аласыздар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *