Мас абалда унаа башкарган 10миң адам айдоочулук күбөлүгүнөн ажырады

Кыргызстанда мас абалында рулга отурган 10 миңден ашуун айдоочу күбөлүгүнөн ажырады. Бул тууралуу “Унаа” мамлекеттик мекемесинен маалым болду.

Ага ылайык, өткөн жылдын март айынан бери 10 миң 163 айдоочу ичимдик ичип унаа башкарганы үчүн бир жыл бою рулга отуруу укугунан ажыратылган.

Эске салсак, өлкөдө 2023-жылдын 8-мартынан тарта айрым жол эрежесин бузгандарга жаза күчөтүлгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *