Бишкекте курулуп жаткан жаңы футбол аянтчасынын курулуш иштери башталды. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасында жазды.
“Бул стадион Борбор Азиядагы 45 миң көрүүчүгө ылайыкталган эң чоң футбол стадиону болот. Ал 2 жылдан кийин ачылат. Учурда 22 архитектор иштеп жатат, алардын жарымынан көбү Түркиядан келген адистер. Мындан тышкары, башка жаатта иш алып барган адистердин да бир бөлүгү түркиялыктар, басымдуу бөлүгү кыргызстандыктар. Дизайндын өзөгүн боз үй феномени түзүп, 3600 унаага ылайыкталган жабык унаа токтотуучу жайы болот. 35 миң чарчы метрди ээлеген спорт дүкөндөрү жана соода борборлору курулат” -деп айтылат маалыматта.
