Slider

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда көз жарган окуучунун окуясы боюнча кылмышка шектүү катары 2004-жылы туулган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү 5-апрель күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

«Кармалган А.К. аттуу жаран «зордуктоо» беренеси менен шектелип, учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө», — деди басма сөз кызматынан.

1-апрелде Аксыдагы айылдардын биринде 7-класста окуган окуучу көз жаргандыгы тууралуу массалык маалымат каражаттары жазышкан. Аны ата-энеси сокур ичеги болуп калды деп ооруканага алып барган. Кыз окуган мектептин директору менен соцпедагогу өз арыздарынын негизинде кызматтан кетишкен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *