Май айындагы майрамдарда Калкты тейлөө борборлору дем алышсыз иштейт

Кызмат» мамлекеттик мекемесинин Калкты тейлөө борборлору (КТБ) май майрамдары учурунда да адаттагы режимде ишин улантат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-майынан 10-майына чейин, майрам жана дем алыш күндөрүн кошкондо, борборлор күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин ачык болот.

Мекемеден белгилешкендей, мындай иш тартиби калкка мамлекеттик кызматтарды үзгүлтүксүз жана жеткиликтүү көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында киргизилди.

Жарандарга КТБга барар алдында бекитилген графикти эске алуу, ошондой эле мүмкүнчүлүк болсо онлайн кызматтарды пайдалануу сунушталат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *