Социалдык тармактарда топурактын түз эле көлгө төгүлүп жатканын көрсөткөн видео пайда болду. Бул тууралуу активист Эртай Искаков жарыялады.
Курулуш министрлиги мурда саздак болгондуктан, аймак бекемделип, жашылдандырылып жатканын түшүндүрдү.
«Бул көлдүн акваториясын кеңейтүү же кайра толтуруу эмес. Иш эс алуучулардын коопсуздугу үчүн жүргүзүлүүдө. Үстүнө таза кум катмары төшөлөт. Эч кандай химиялык заттар же кооптуу калдыктар колдонулган эмес»,-деп билдирди министрлик.
Топурак тегизделгенден кийин, жээк тилкеси баштапкы чек арасы боюнча калат, деп кошумчалады министрлик.
Учурда бул жерде үч беш жылдыздуу пансионат курулуп жатат. Иштер план боюнча жана талап кылынган уруксаттар менен жүрүп жатканы кошумчаланды.


