Студенттерге дипломдук иштин ордуна стажировка өтөө сунушталууда

Кыргызстандын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги студенттердин жыйынтык аттестациясынын эрежелерин өзгөртүүнү сунуштады.

Негизги өзгөрүү:
— Дипломдук иштин ордуна 16 жумалык милдеттүү практика (стажировка) киргизилет,
— Практиканын жыйынтыгы жалпы аттестацияга кошулат.

Практика учурунда студенттер бизнес-план, стартап же колдонмо долбоор даярдай алышат.

Чиновниктердин айтымында, бул ыкма бүтүрүүчүлөрдү реалдуу жумушка жакшыраак даярдайт.

Мындан тышкары, жаңы эреже боюнча:
— Эгер мыйзам бузуулар аныкталса, диплом берүү чечими жокко чыгарылышы мүмкүн.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети текшерүүлөрдө айрым окуу жайларда мыйзам бузууларды аныктаган. Азырынча окуу жайлар берилген дипломдорду өз алдынча жокко чыгара албайт.

Документ коомдук талкууда, акыркы чечим кийин кабыл алынат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *