Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов көмүр казуучу жана экспорттоочу компаниялардын жетекчилери менен жолугушту.
Анда тармактагы системалуу реформалар талкууланып, бизнес өкүлдөрү даярдаган жаңы мыйзам долбоору сунушталды.
Документ салык салууну жөнөкөйлөтүүнү, иш механизмдерин ачык-айкын кылууну жана тармактын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууну көздөйт. Жыйындын жыйынтыгында МСК жана «Кыргыз Көмүр» ААКнын адистери долбоорду карап чыгып, сунуш-пикирлерин даярдап, андан соң аны Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтмөй болду.



