Энергетика министрлигине 86 млн сомдук атайын 33 даана техникалардын ачкычы тапшырылды. Белгилей кетсек, жалпы 33 даана атайын техниканын 28 даанасы бригадалык унаа, 3 жеңил унаа жана 2 даана экскаватор.

Техникаларды Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тапшырды.  “Электр энергиясыз жашоону элестетип болбойт. Ошол себептүү Мамлекет башчыбыздын реформалары аркылуу өлкөнүн энергетика тармагында бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө. Камбар-Ата-1 ГЭСи сыяктуу ири долбоор башталды. Чакан ГЭСтер салынып жатат. Жакында мамлекет өзү каржылаган Бала-Саруу ГЭСи ишке кирет. Мындан тышкары күн, шамал станциялары салына баштады. Ошондой эле Кыргызстандын энергетикалык потенциалы тууралуу, ири эл аралык каржы институттары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндө алар кызыкдар экендиктерин айтканын кошумчалап кетейин. Анын арты менен алдыда чоң иштер аткарылат”, – деп билдирди Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

Адистердин белгилөөсүндө, бул жаңы алынган атайын унаалар энергетиктердин ишин жакшыртууга мүмкүндүк берет. Оңдоо иштери ыкчам жана сапаттуу болуп, техникалык жоготуулардын санын азайтууга да таасирин тийзигет.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *