Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айылында жалгыз бой энелер үчүн социалдык шаарча курулуп жатат

“Под ключ” салынган үйлөр жашоо-шарты начар жалгыз бой 100 энеге берилет. Бул тууралуу бизге Жети-Өгүз районунун акими Эрмек Бахавадинов билдирди.

“Айыл өкмөттөн 3 гектар жер бөлүп бергенбиз. Үйлөр кайрымдуулук фонду тарабынан 170 млн сомго курулуп жатат. Бардык шарты, эмереги менен болот. Буюрса, жайында берилет”, — деди район жетекчиси.

Ал ошондой эле социалдык шаарчада кичи стадион, ФАП, мечит жана кондитердик цех салынарын кошумчалады. Бала бакча куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *