Жапаров Ала-Арча суу сактагычына барды

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, төмөнкү Ала-Арча суу сактагычынын аймагында эс алууга шарт түзүлө турганын айтты.

“Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычы 1965-жылы курулган, толгон кезде суу токойду басып калат. Мына ошонусу менен кызыктуу, учурда бактарга уялаган ар кандай канаттуулар балапан чыгарып учурган мезгили. Март айынан июндун ортосуна чейин туристтердин көңүлүн буруп, кошуна мамлекеттерден бери келип сүрөткө түшүп кетишет. Буга чейин жеке адамдар тейлөө кызматтарын көрсөтүп, жетиштүү деңгээлде шарты жок болчу. Бүгүн президент Садыр Жапаров өзү келип көрүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга элге жана туристтерге шарт түзүп, көркүнө келтиргиле деген тапшырма берди. Буюрса, бул аймак дагы эң алдыңкы туристтик жайга айланат. А-фрейм үйлөр, ресторандар, сейилдеп жүрчү жолдор курулат”,

— деп жазды Дайырбек Орунбеков.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *