Кыргызстанда банктарды бирдиктүү тез төлөм системасына бириктирүү сунушталды

Улуттук банк Кыргызстандын тез төлөмдөр системасы (СБП) боюнча жобонун долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Жаңы система аркылуу жарандар жана компаниялар акчаны 24/7, реалдуу убакыт режиминде, кайсы банкта эсеп ачылганына карабастан которо алышат.

Акча которуу үчүн алуучунун телефон номери, улуттук стандарттагы QR-код, эсеп же банк картасынын номери сыяктуу бирдиктүү идентификатор колдонулмакчы.

Система банктарды, төлөм уюмдарын жана алардын технологиялык платформаларын бириктирип, алардын ортосундагы төлөмдөрдү шайкеш жүргүзүүгө шарт түзөт.

Коопсуздук үчүн шектүү жана алдамчылык операцияларды автоматтык аныктаган антифрод-модулу киргизилет. Ошондой эле жаңылыш же талаштуу которууларды кайтаруу механизми каралган.

Келечекте система эл аралык жана чек ара аралык төлөмдөргө да интеграцияланышы мүмкүн.

Улуттук банк бул механизм накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүп, которууларды жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылат деп эсептейт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *